«Аймактар аралык кастык». Таластын тургундары Бейшеналиевди жазалоону талап кылышты

7-февралда Талас облусунун бир нече тургуну саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди аймактар аралык кастыкты козутту деп айыптап, жоопко тартууну талап кылышты.

Таластын тургундары Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда эмгектенген жердештеринин дарегине Бейшеналиневдин айткан терс сөздөрүнө нааразы болушкан. Алар кайрылуусун президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдошту.

«Биз президентке Бейшеналиевдин Таластыктар баары — аферист деп айтканы боюнча облустун бардык тургундарынын атынан кайрылып жатабыз. Биз министр Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан бошотушуңузду суранабыз. Биз аны сотко беребиз», — деп кайрылды Таластын тургундарынын бири Токтобай Назаралиев.

Адвокат Акынбек Авазбеков Бейшеналиевдин сөздөрүн «аймактар аралык касытыкты» козутуу катары бааласа болорун айтты.

Расмий айыптоону күтпөй Бейшеналиев «Акипресс» басылмасына маек куруп, Таластын тургундары тууралуу сөздөрү үчүн кечирим сурады. Чиновник «сөздөрү туура эмес чечмеленип калганын» билдирди.

«Бишкек Травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун эмге жааматы менен жолугуп жатып, аталган борбордор Сабырбек Жумабековдун туугандары иштерин айткам. Талас эли менен эч кандай кастыгым жок, мен аларды сыйлайм. Менин орун басарларым жана жардамчыларым Таластан. Талас элин таарынтайын деген максатым жок болчу, сөздөрүм туура эмес чечмеленип калыптыр. Эгерде таарынтып алсам, кечирим сурайм», — деди министр.

Бейшеналиевдин Таластын тургундары тууралуу сөзү буга чейин соцтүйүндөргө тараган. Видеодо министр Бишкек Травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун эмге жааматынын алдында сүйлөп жатып, Сабырбек Жумабековдун ордуна жаңы жетекчи дайындоо керектигин, бирок ал «таластан болбошу керек» деген.

Андан кийин 5-февралдагы митингде, чогулгандар Бейшеналиевдин сөздөрүн эске салып, трайбализмге айыпташкан. Андагы митинг Сабырбек Жумабековдун Бишкек Травмотология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жетекчилигинен бошотулганына байланыштуу өткөн.