Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болду

Кыргызстанда 7-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болуп, жуктуруунун 83 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 63;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Чүй облусунда — 6;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Ош шаары —1;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 1.

Ошондой эле республика боюнча 380 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 199 519 жетти. Ал эми өлкө боюнча 191 089 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 905киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 819 бейтап, үй шартында 3 161 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.