Бишкек мэриясы Травматология жана ортопедия илимий борбору боюнча үн катты

7-февралда Бишкек шаардык мэриясы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору тууралуу маалымат берди.

Мэриянын маалыматына ылайык, 2004-жылы Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы жана Бишкек шаардык кеңешинин келишиминин негизинде мэрияга караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору түзүлгөн. Анын жетекчиси болуп Сабырбек Жумабеков дайындалган.

Борбор калаа мэриясы 2017-жылы Саламаттык сактоо министрлиги менен келишим түзүп, ага ылайык бардык саламаттык сактоо мекемелери, анын ичинде Травматология жана ортопедия илимий борбору министрликтин карамагына өткөрүлгөн.

«Бирок бул келишим толук ишке ашпай калган. Бүгүнкү күндө муниципалитет мыйзамда белгиленген тартипте, 2017-жылы түзүлгөн келишимди ишке ашыруу боюнча аракеттерди көрүп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Бейшеналиев менен Жумабековдун тиреши

2-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Кактус» басылмасына маек куруп, Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун «менчиктештирип», туугандарын жана жакын тааныштарын жумушка коюп алганын айтып сындаган.

Ошондой эле, министр Сабырбек Жумабековго кызматтан өз каалоосу менен кетүүнү сунуштаганын билдирген.

Анын эртеси күнү, 3-февралда, Жумабеков Бейшеналиевдин сөздөрүн «жалган жалаа» деп атап, министр «негизсиз күнөө коюп жатат» деп айыптаган.

Ошондой эле, ал илим-изилдөө борбору бозгун президент Аскар Акаевдин демилгеси менен 2004-жылы түзүлгөнүн айткан. Ошол эле жылы Бишкек шаарынын мэри жана шаардык кеңеш аны директор кылып шайлаганын белгилеген.

Жумабеков бул боюнча президент Садыр Жапаровго дагы кайрылып, кызматтан кеткенге даяр экенин белгилеп, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын кошумчалаган.

Буга карабастан, 4-февралда Бейшеналиев Жумабековду кызматтан алып, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун базасында клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу тууралуу буйрукка кол койгон. Ал эми оорукананын башчылыгына Гүлия Кожакматова дайындалган.

Анткен менен, Сабырбек Жумабеков баш болгон борбордун кызматкерлери жана бейтаптар жаңы дайындалган Гүлия Кожакматова жана министрликтин өкүлдөрүн изилдөө борбордун имаратына киргизишкен эмес. Анда Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн келишин «рейдерлик басып алуу» деп сыпаттаган.

Ошондой эле Жумабеков медициналык мекеменин уставына ылайык, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчисин Бишкек шаарынын мэри дайындай турганын айткан. Ал министрдин аракети «мыйзамсыз» жана «өзүм билемдик» болгонун белгилеген.

Ал эми 5-январда Саламаттык сактоо министрлигинын алдында 500гө чукул киши митингге чыгып, Алымкадыр Бейшениалиевдин отставкасын талап кылган. Митингидин кашытуучулары резолюция түзүп, аны президентке жөнөтүшкөн. Алар эгерде президент өз мөөнөтүндө жооп бербесе, кайрадан митингге чыгарын эскертишкен.

Тема боюнча:

«Абадан оорукана жасаган». Реформанын айынан Бейшеналиев менен Жумабеков чырдаша кетти

«Президент кет десе, кетип калам». Жумабеков 5-февралда дарыгерлер митингге чыгарын билдирди