COVID-19: Акыркы суткада төрт адам каза болду, 98 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 8-февралга карата коронавирустан төрт адам каза болду, жуктуруунун 98 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 38;
  • Чүй облусунда — 43;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Жалал-Абад облусунда — 3;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Ош шаарында — 2;
  • Талас облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 199 617ге жетти. Өлкө боюнча 191 397 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 909 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 308 бейтап айыгып чыкты. Учурда 766 бейтап ооруканада, ал эми 2 995 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.