Кытай Бишкекте жаңы сквер курууга дээрлик 8 млн сом бөлдү

Кытай Бишкектин батыш жагында жаңы сквер куруу үчүн 600 миң юань (дээрлик 8 млн сом) бөлдү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.

Мэриядан бул каражатты Кыргызстанга Циндао шаарынын муниципалитети президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча бөлгөнүн белгилешти.«Бул каражатка сквер салынып, Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин Дэн Сяопин проспектисин бойлой жашыл көчөттөрдүн аянты көбөйтүлөт», — деп билдиришти мэриядан.

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын жыйынтыгы

6-февралда Пекинде президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуу болуп өткөн.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 5 млн доза вакцина жана коопсуздук тармагында 50 млн юань өлчөмүндө (7,9 млн доллар) кайтырымсыз негизде жардам көрсөтөрү белгилүү болгон.

Мындан сырткары Си Цзиньпин эки мамлекеттин ортосундагы аба каттамдарын, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө жайлары аркылуу жүк ташууну этап-этабы менен көбөйтүү зарыл экенин айткан. Ал «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу маанилүү экенин дагы белгилеген.

Ал эми Садыр Жапаров чакан жана орто бизнес тармагында эки тараптуу долбоорлорду каржылоо үчүн жалпы капиталы 1 млрд долларды түзгөн Кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштаган.

Ошондой эле Кыргызстан Кытай электр энергиясын экспорттоону сунуштаган. Кытай тарап бул маселени карап чыгууга макул болгон.