Маданият министрлиги Венеция көргөзмөсүнө жумшала турган каржынын булагын ачыктаган жок

Маданият министрлиги Италиянын Венеция шаарындагы көргөзмөнүн (биенале) павильонуна жумшала турган чыгымдарды жана каржы булагы тууралуу маалыматты бербей жатат.

Ведомствонун басма сөз кызматынан 7-февралда «Клоопко» «азырынча бул маселе боюнча тиешелүү маалыматы жоктугун» айтышты.

23-апрелде өтө турган Венеция биенналесинде Кыргызстан биринчи жолу өз павильонун көрсөтөт. Буга чейин өлкө бул иш-чарага Борбор Азиянын павильонунун курамында гана катышып келген.

Мурдараак биенналеде Кыргызстандын атынан ирандык сүрөтчү Фируз Фарман Фармаян катышары белгилүү болгон. Бул чечимди Кыргызстандын маданий коомчулугунун өкүлдөрү сынга алып, катачылык деп аташкан. Ошондой эле алар Венеция биенналесинде Кыргызстандын атынан эмне үчүн ирандык сүрөтчү чыгып жатат деп суроо салышкан.

7-февралда Маданият министрлиги ирандык сүрөтчү Фируз Фарман Фармаян инсталляциянын үстүндө Кыргызстандын маданиятынын мыкты кызматкери Нурзат Жээнбек кызы менен бирге иштегенин, ал эми ага пайдаланылган материалдарды кыргызстандык кол өнөрчүлөр жасап беришкенин билдирген.

Бирок, Венеция биенналесинде Кыргызстандын павильонунун автору катары бир гана ирандык сүрөтчү көрсөтүлгөн.

Венеция биенналесинин сайтынан скриншот.

Ирандык сүрөтчү биенналеде «Туран дарбазасы» (“Gates of Turan”) аталышындагы эмгекти тааныштырат.

Венеция биенналеси — бул Италияда эки жылда бир жолу өткөрүлүп туруучу эл аралык көркөм өнөр көргөзмөсү. Быйыл 59-биеннале өткөрүлмөчү, анда Кыргызстандын биринчи жолу өз павильону коюлат.

Башкы беттеги сүрөт: Alexandru Ionescu / unsplash.com.