Акыркы суткада COVID-19дан төрт адам каза болду, 97 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 9-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан төрт адам каза болду, жуктуруунун 97 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бишкек шаарында акыркы суткада 53 адам илдет жуктурса, Чүй облусунда вируска кабылгандардын саны 23тү түздү. Ысык-Көл облусунда жети, Жалал-Абад облусунда беш адам коронавируска кабылды. Ал эми Баткен облусунда жана Талас облусунда үчтөн адам илдетке кабылды. Мындан сырткары, Нарын облусунда, Ош шаарында жана Ош облустарында бирден адам илдет жуктурду.

Ошондой эле, 9-февралга карата жалпы республика боюнча 282 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 199 714кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 191 679 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2913 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 684 бейтап, ал эми үй шартында 2883 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.