Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнө салды

Эл артисти жана белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 8-февралда 75 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, спорт жана жаштар министринин басма сөз кызматы кабарлады.

Жылдыз Малдыбаева. Сүрөт: Маданият, спорт жана жаштар министринин басма сөз кызматы

Малдыбаева Кыргызстандагы алгачкы аял композиторлордун бири. Ал Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Жылдыз Малдыбаева 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында туулган. Ал Петр Шубин атындагы музыкалык мектепти, андан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореаграфиялык окуу жайды аяктаган.

1966-жылы Узеир Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классында билимин жогорулатып, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулган.

Малдыбаева алгачкы эмгек жолун 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда иштеп баштаган. Ал арада институттун алдындагы «Мурас» вокалдык аспап ансамбли уюштуруп, элдик жана обончулардын жана композитролордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Анын ырлары Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Орусияда угуучуларга тартууланган.

Ал «Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» жана башка лирикалык, патриоттук ырларыды чыгарган. Мындан сырткары, анын ондогон камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепиано үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончел, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучуларга белгилүү.

Ошондой эле, Малдыбаева «Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлда үч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оюмдагы жомок» даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган.

Малдыбаева Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 12-фестивалында диплом менен сыйланган.

Редактору: Дилде Шатанова