ИИМдин башчысынын санариптештирүүнү көзөмөлдөөчү бешинчи орун басары дайындалды

Ички ишитер министри Улан Ниязбековдун дагы бир орун басары пайда болду. ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүнбек Ниязбеков эми ички иштер органдарында санарип маселелерин жөнгө салат.

Сүйүнбек Ниязбеков. Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

ИИМдин басма сөз кызматы ал өздүк курамга 9-февралда тааныштырылганын кабарлады. Ведомствонун маалыматына ылайык, бардык министрликтерде санариптештирүү боюнча жаңы орун басарлар дайындалды.

«Башкы милдеттердин бири — процесстерди автоматташтыруу жана бардык кызматтарды электрондук документ жүгүртүүгө өткөрүү. Башкаруу процессине

санариптештирүү мамилесин киргизүүнү камтыган ишмердүүлүк толугу менен министрдин орун басарына жүктөлөт», — деди Улан Ниязбеков.

Буга чейин Сүйүнбек Ниязбеков ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Өзгөчө абал киргизилген убакта Бишкек шаарынын комендатынын орун басары болгон.

Ведомствонун басма сөз кызматынан Улан Ниязбеков менен анын жаңы орун басары тууган эмес, болгону фамилиялары окшош экенин кошумчалашты.

Ушуну менен Кыргызстандын ИИМде беш орун басар болду. Биринчи орун басары — Адылбек Бийбосунов, андан кийин Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана Эркебек Аширходжаев.