Акыркы суткада коронавирустан төрт адам каза болду, жаңы 107 учур катталды

Кыргызстанда 10-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан төрт адам каза болуп, жуктуруунун 107 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 44;
  • Чүй облусунда — 43;
  • Ысык-Көл облусунда — 12;
  • Баткен облусунда — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Ош облусу — 1;
  • Ош шаары —1;
  • Нарын облусу — 1.

Ошондой эле республика боюнча 279 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 199 821 жетти. Ал эми өлкө боюнча 191 958 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2917 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 653 бейтап, үй шартында 2738 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.