Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болду, жаңы 69 учур катталды

Кыргызстанда 11-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болуп, жуктуруунун 69 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 31;
  • Чүй облусунда — 16;
  • Ысык-Көл облусунда — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Баткен облусунда — 4;
  • Талас облусу — 3.

Ошондой эле республика боюнча 274 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 199 890 жетти. Ал эми өлкө боюнча 192 232 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 920 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 585 бейтап, үй шартында 2597 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.