УКМК экс-депутат Абжалиевди 2 млн доллар алдамчылыкка шектеп кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 2 млн доллар алдамчылыкка шектеп Жогорку Кенештин мурдагы депутатын кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат тараткан билдирүүдө «А.А» аттуу экс-депутат кармалганы айталат. Ал эми 24.kg басылмасынын маалыматын таянсак, бул мурдагы депутат Алиярбек Абжалиев — экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Кармалган адам Абжалиев экенин «Акипресс» басылмасы дагы жазды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Абжалиев депутат болуп турган кездеги алдамчылык фактысы тууралуу жеке ишкер кабарлаган. Бирок анын аты ачыкталган жок.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин дооматтары тастыкталды, алынган материалдар бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоого негиз болду», — деп билдирди УКМК.

Жыйынтыгында 10-февраль күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Абжалиевди тергөө аяктаганга чейин камакка алууну чечти.

Буга чейин Абжалиев мыйзамсыз баюу ишинин фигуранты болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Абжалиев экс-президент менен болгон туугандык катышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү менен жеке жактардын кызыкчылыгын коргогон.

Бирок, 9-февралда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Абжалиевге каршы кылмыш иши кыскартылганын билдирген. Ошол эле учурда башкы прокурор депутаттын ишин кыскартууга эмне себеп болгону ага белгисиз экенин кошумчалаган.