Бишкекте иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды

12-февралда Бишкекте Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы «Интерньюс» уюму уюштурган «Чындык II» форуму өттү. Форумдун алкагында маркум журналист Уланбек Эгизбаев эскерилип, иликтөөчү журналисттерге ар жылы ыйгарылуучу сыйлык тапшырылды.

«2021-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагында «МедиаХаб» коомдук фондунун иликтөөчү журналисттери Али Токтакунов, Арген Бактыбек уулу жана Мээрим Айныкеева биргелешип даярдаган «Калкты карызга батырган финансы махинациялары: «Сомо», «Акчамат», «Финико» аталышындагы иликтөө 1-орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө 100 миң сом акчалай сыйлык жана белектер ыйгарылды.

Ал эми 2-орун «МедиаХабдын» дагы бир иликтөөчү журналисти Мээрим Сырдыбаева даярдаган «Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар» иликтөөсүнө берилди.

3-орунга «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосуновдун «Жолдон жоголгон 934 миллион» аттуу иликтөөсү татыды.

Ошондой эле, Уланбек Эгизбаев атындагы атайын сыйлыктар да ыйгарылды. Атайын сыйлыкка «Телевизионная Академия» коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко даярдаган «Мыйзамсыз миграция» иликтөөсү татыды.

Мындан сырткары, «ПолитКлиника» медиасы даярдаган «Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи» иликтөөсү дагы атайын сыйлыкка ээ болду.

Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери Валентина Галич, Диана Светличная, Таалайбек Талантбек уулу, Екатерина Афанасьева, Сезим Дигербаева, Жүзүмкан Асхатбекова жана окутуучу Анастасия Валееванын « "Жарака": эмне үчүн кыргызстандык окуучулар экстремалдык шарттарда билим алышууда?» журналисттик иликтөөсү дагы булардын катарында атайын сыйлык алды.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, атайын статуэтка, диплом жана белектер берилди.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын уюштурулуп келет. Иш-чара быйыл 12-февралда төртүнчү жолу өттү.

Маркум иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев

«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев журналисттик иликтөөлөрүндө кыргыз аткаминерлеринин коррупциялык схемаларынын, хан сарайлардын курулушу үчүн муниципиалдык жердин мыйзамсыз сатылышынын жана көрүстөндөгү коррупциянын бетин ачкан.

Ал жасаган материалдары коомдук резонанс жаратып турган: анын көрүстөндөгү коррупция тууралуу акыркы иликтөөсү парламент трибунасына чейин жеткен.

Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. ИИМ маркум сууга чөгүп каза болгонун билдирген. Көп өтпөй Журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлгөн. Уюм Уланбек Эгизбаев атындагы 12-февраль — анын туулган күнүнө карата — жыл сайын ыйгарылчу журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Ал эми 2019-жылдын апрелинде анын жаркын элесине арналып, кыргыз жана орус тилдеринде «Чындык деп жанган өмүр» аталыштагы китеп жарык көргөн