COVID-19: Акыркы суткада төрт бейтап каза болду

Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19 жуктурган төрт бейтап каза тапты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө жалпы 2 924 адам көз жумду.

Ошондой эле сутка ичинде 81 кишиден COVID-19 илдети аныкталды. Вирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада:

  • Бишкек — 41;
  • Чүй облусунда — 34;
  • Ысык-Көл облусунда — 1;
  • Баткен облусунда — 1;
  • Ош облусунда — 2;
  • Нарын облусунда — 2.

Ведомствонун маалыматына таянсак, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 199 971ге жетти.

Мындан тышкары, 12-февралга карата 553 бейтап ооруканада, 2 439 киши үй шартында дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада ооруканадан 265 киши айыгып чыкканын кошумчалады. Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 192 497 киши COVID-19дан айыкты.