Экс-министр Молдомуса Конгантиев каза болду

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 64 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 12-февралда ИИМдин маалымат кызматы тастыктады.

Молдомуса Конгантиев.

ИИМден «Клоопко» маркумду жерге берүү зыйнаты качан кайда өтөрүн кийинчерээк маалымдай турганын айтышты.

Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ал 1979-жылдан тартып ички иштер органдарында иштеп баштаган. 2008-2010-жылдары Ички иштер министрлигин жетектеген. Кийин өлкөдөгү апрель окуяларынан улам кызматтан кеткен.

ИИМдин экс-башчысына 2010-жылы апрель окуясында шалаакылык кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Анда 7-апрелде Ак үйдүн алдындагы кагылышта 80ден ашуун адам каза тапкан.

Бийлик алмашкандан кийин Конгантиев өлкөдөн чыгып кетип, бирок 2010-жылдын апрель айынын аягында Москвада кармалып, кайра артка кайтарылган. 2018-жылы ага карата кылмыш иши токтотулуп, андан кийин кайра жандандырылган.

Сотто Конгантиевди 6 жылга кесип, 100 мин сомго айыпка жыгуу сунушталган. Кийин актоочу өкүм чыгып, кийин Конгантиевдин мүлкү камактан чыгарылып, эч жакка кетпөө боюнча тил кат жокко чыгарылган.

Сот процесстери өтүп аткан учурда Конгантиевдин пайдасы үчүн анын мурдагы орун басары Садырбек Курманалиева көрсөтмө берген, ал ИИМдин экс-башчысы митингчилерди атууга буйрук бербегенин айтып көшөргөн.

Ал эми 2020-жылы Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Жогорку сот буга чейинки эки инстанциянын актоо өкүмүн күчүндө калтырганын кабарлаган.