Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болду, 49 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 13-февралга карата коронавирустан үч адам каза болду, жуктуруунун 49 жаңы учуру катталды.

Коронавирус жуктуруп алгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары — 36 киши. Ысык-Көл облусунда жети, Чүй облусунда беш, Ош облусунда бир адам илдетке чалдыкты. Калган облустарда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 020га жетти. Өлкө боюнча 192 735 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 927 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 238 бейтап айыгып чыкты. Учурда 513 бейтап ооруканада, ал эми 2 286 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.