Беш-Күнгөйдө турак үй өрттөнүп бир адам каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 13-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунда турак үй өрттөнүп 36 жаштагы киши каза болгонун кабарлады.

Маалыматка ылайык, Беш-Күнгөй айылынын Таранчиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 25 чарчы метр аянттагы бөлмөсү өрттөнгөн. Өр таңкы саат 08:14дө чектөөгө алынып, саат 09:00 толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, жеринен каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

2021-жылы 2 900дөн ашуу өрт кырсыгы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 17%га көп. Кырсыктан 37 киши каза болгон. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар.

Редактору: Дилде Шатанова

Тема боюнча дагы окуңуз:

Ысык-Көлдө турак үйдө чыккан өрттөн үч наристе көз жумду

Ысык-Көлдө «Париж» пансионаты өрттөнүп кетти