Равшан Жээнбековдун тарапташына чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы тагылды

Саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы жана активист Айсулуу Кудайбердиевага чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы тагылды. Бул тууралуу активист Фейсбук барагында кабарлады.

Анын айтымында, бул айып 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан төрт жолу өткөндүгүнө байланыштуу.

«Мен расмий чек ара пункттары аркылуу өткөм», — деп билдирди ал Kaktus Media’га курган маегинде.

Ошондой эле ал иш сотко өткөнүн жана биринчи отурум 14-февралда саат 14:30да Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтөрүн билдирди.

«УКМКнын тергөөчүсү Н.Алыйманов 2019 жылы “чек-араны туура эмес өткөнсүң” деп кылмыш ишин фальсификациялап, ишти сотко өткөрдү», — деди ал.Кудайбердиева бул ишти УКМКнын ага карата кысымы деп эсептейт. Ал атайын кызматка бир нече ирет сурак бергенин, үйүндө тинтүүлөр да болгонун айтып берди.

«Равшан Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн УКМК тарабынан бир нече ай бою басымга жана куугунтукка дуушар болуп келем. Эми ал жактагы куугунтукту бүтүрүшүп, менин ишимди сотко өткөрүштү», — деп кошумчалады Кудайбердиева.

УКМКнын пресс-борбору «Клоопко» активисттин кайрылуусу боюнча азырынча комментарий бере элек.

Айсулуу Кудайбердиева — саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы жана жардамчысы. Мындан тышкары, ал бийликтеги коррупция жана криминалга каршы #REакция митингдерине катышкан.

Ал өткөн жылдын сентябрь айынан тартып маал-маалы менен УКМКга суракка чакыртылып турган, бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз болчу.