Акылбек Жапаров: «Кумтөр» боюнча Centerra менен сүйлөшүүлөр 15-мартка чейин аягына чыгат

«Кумтөр» боюнча Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы менен сүйлөшүүлөр 15-мартка чейин аягына чыгат. Бул тууралуу 15-февралда 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган басма сөз жыйында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетип турган. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Кумтөр кенинин айланасындагы чыр 2021-жылы май айында башталган. Алгач сот канадалык компанияны экологиялык бузуулары үчүн миллардаган доллар айып төлөөгө милдеттендирген. Кийин кыргыз бийлиги «Кумтөргө » тышкы башкаруу киргизген.

Жапаров Кумтөр кенинин Кыргызстанга өтүшү «тарыхтын жаңы алтын барагы жана өлкөнүн алгачкы эгемен аракети болуп калат» деп эсептейт.

«Жакында парламентке бардык маалыматты беребиз. Жылына Кумтөрдөн өлкө бюджетине 220 млн доллар таза киреше түшүп жатат. Бул ички дүң өндүрүмдүн 18 пайызы», — деди Жапаров.

Жапаров бозгун президент Аскар Акаевдин Кумтөр ишиндеги катышуусун дагы белгиледи. Анын айтымында, Акаевдин көрсөтмөлөрү Центерра менен сүйлөшүүлөрдү илгерилетүүгө түрткү болгон.

«Жада калса периште деле алтынды көрүп адашса керек. Мурдагы президенттер дагы адашкан. Аларды кайталагандар, алар дагы ошол [президенттердин] артынан адышышкан, бирок аларды Камчыбек Ташиев жойду, мына ошонун арты менен акча бюджетке түшө баштады. Акаев келди, күнөөсүн мойнуна алды, коррупциялык иштерди тастыктады, мына ошондон улам дагы Центтерра сүйлөшүүлөргө тез бара баштады окшойт», — деди минкабдын башчысы.

Жапаров алтын өлкөдөн эч жакка чыгарылган жок деп дагы ишендирди. Анын айтымында, буга чейин жылына 410 тонна алтын чет өлкөгө экспорттолчу, бирок учурдагы өкмөт алтынды Кыргызстанда калтырууну каалайт.

«Бир жылдын ичинде ар бир үй-бүлөдө алтын болушун каалайбыз, ошондуктан жарандар 1 граммдан 10 килограммга чейин алтын сатып ала алышы үчүн тыйындарды чыгарууну пландап жатабыз», — деди минкабдын төрагасы.