«Журналисттерге катуу ыкмаларды колдонбош керек». Жапаров Kaktus Media’нын иши тууралуу

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Kaktus Media басылмасы жарыялаган материал боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берип, «журналисттерге мындай катуу ыкмалар колдонулбашы керек» деди. Бул оюн ал 15-февралда өткөн маалымат-жыйыны учурунда айтты.

«Капа болдум. Журналисттерге мындай катуу ыкмаларды колдонбош керек. [...] Тажиктер болобу, Израиль болобу, Кытай болобу, депутаттарыбыз дагы, журналисттерибиз дагы ок атышып жатканда, адамдар өлүп атканда, этиятыраак мамиле жасайлы. Сиздерге [журналисттерге] тийишкен деле эч ким деле жок», — деди ал.

Жапаров «Кактуска» козголгон кылмыш ишине баа берүүдөн жана «бул сөз эркиндигине басым же басым эмес экенин» аныктоодон азырынча алыс экенин кошумчалады.

«Тергөө иштери жүрүп атат, тергөө бүткөндөн кийин биз баа бере алабыз. Бирок мен сурандым, [УКМКнын төрагасы] Камчыбек Кыдыршаевичтен дагы, [ИИМдин төрагасы] Улан Мыкановичтен дагы, террористтер болот, бандиттер болот, хулигандар болот, аларга күч колдонуш керек. Бирок эми, журналисттер менен биз сый-сыпаа мамиле курганды илгертеден бери үйрөнгөнбүз, мындан ары да үйрөнүп жүрө беришибиз керек», — деп баса белгиледи Жапаров.

Kaktus.media’нын сайтындагы макала

1-февралда прокуратура Kaktus Media басылмасында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу Тажикстандын Asia Plus сайтынан алынган маалымат чыгарылганы фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөл органы басылмага карата «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козгогон.

Башкы прокуратура макалада «Кыргызстандын аскерлери биринчи болуп ок атып, Тажикстанды чагымчылдыкка түрткөн деген жалган маалымат камтылган» деп эсептеген.

Мындан тышкары, 28-январда Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдында 20га чукул киши митингге чыгышкан. Алар басылма кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды «бир тараптуу чагылдырды» деп айыптаган. Митингчилердин арасында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында «чагымчылдык кылгандар» да болгон.