COVID-19: Акыркы суткада үч адам каза болду, 54 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 16-февралга карата коронавирустан үч адам каза болду, жуктуруунун 54 жаңы учуру катталды.

Коронавирус жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары — 25 киши. Жалал-Абад облусунда 10, Чүй облусунда тогуз, Ысык-Көл облусунда алты, Талас облусунда эки, Ош шаарында эки адам илдетке чалдыкты. Калган облустарда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 175ке жетти. Өлкө боюнча 193 385 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 935 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 207 бейтап айыгып чыкты. Учурда 378 бейтап ооруканада, ал эми 1 910 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.