Өлкөгө оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө уруксат берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун демилгеледи. Мыйзам долбоору 15-февралда коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун автору бул өлкөнүн автопаркын жаңылоого, сапаттуу автотранспорттун жарандарга жеткиликтүүлүгүн жана ири шаарлардагы экологиялык кырдаалды жакшыртууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Маматалиевдин маалыматында, оң рулдуу унаалар өлкөгө негизинен Жапониядан алып келинет, алардын чыгарылган жылы жана техникалык көрсөткүчтөрү башка өлкөлөрдөн ички рынокко алып келинген сол рулдуу унааларга караганда бир кыйла жакшы.

«Анын үстүндө, “жакшы сакталган” автотранспорт каражаттарын пайдалануу жалпы экологияга жагымдуу таасир этип, көп учурда республикалык маанидеги шаарларда кара түтүн көйгөйүн чечет», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Депутат оң рулдуу унааларды озуп өтүү камерасы (монитору бар) менен сөзсүз түрдө жабдуу шарты менен алып келүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул озуп өтүүдө унааларды көрүү көйгөйүн чечип, жол кырсыктарынын санын азайтат.

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып кирүүгө 2015-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди ошол кездеги бийлик оң рулдуу автоунаалар озуп өтүүдө айдоочунун сол тарабы көрүнбөгөндүктөн унаа кырсыктарына кабылып жатат деп негиздеген.

Коммуналдык жана айыл чарбасы, жол курулушу жана башка максаттар үчүн арналган транспорт каражаттары тыюуга алынган эмес.

15-февралда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров чектөөнү алып салууга каршы экенин билдирген. Ал оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берилсе, анда өлкөгө «Орусия, Беларус жана Казакстанда тыюу салынган унаалардын баары толуп кетет» деп эсептейт.