«Мурч кошулган арак ичирген». Сузакта 2,5 жаштагы кыздын өлүмүнө айыпталган өгөй ата 4,5 жылга кесилди

Сүрөт: «Справедливость» укук коргоо уюму

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту 2019-жылдын март айында 2,5 жашар Асия Рахматуллаеваны сабап өлтүрүүгө айыпталган өгөй атасын 4,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюму кабарлады.

Айыпталуучу «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Анткен менен райондук прокуратура жана наристенин мыйзамдуу өкүлдөрү өкүм менен макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна даттанышкан. Учурда соттук териштирүүлөр уланып жатат.

Алгач кылмышка наристенин энеси соттолгон

Мындан үч жыл мурун Сузак районунда 2,5 жашар наристе киши колдуу болуп, анын өлүмүнө энеси Тахмина Мансурали кызы айыпталган. 2019-жылдын ноябрь айында Сузак райондук соту Мансурали кызын «Киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 7,5 жылга кескен.

Айыпталуучу кош бойлуу болгонуна байланыштуу 2020-жылдын январь айында жаза өтөө мөөнөтү ымыркай 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган. Ошол эле жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасы өкүмдү облустук сотко даттанып, Асиянын өлүмүнө өгөй атасы Тураталы Үсөновдун тиешеси бар экенин билдирген.

Көзөмөл орган кыздын апасы күнөөнү мойнуна алганда наристени «телефондун кубаткычынын зымы менен сабаганын» айтканын, бирок соттук-медициналык экспертизадан кыздын өлүмүнө башка жарааттар себеп болгону аныкталганын жүйө келтирген.

Прокуратуранын даттануусунда «[Тураталы Үсөнов] кыз ыйлабашы үчүн мурч кошулган арак ичирген, кыз өгөй атасын көргөндө шымына сийип алчу» деп жазылган.

Мындан сырткары, облустук прокуратура соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна таянып, кыздын боору жарылып, колу жана тизесинде, ошондой эле, белинде көкала тактар бар болгонун, андан сырткары, наристенин башында 38 миллиметрлик гематома болгонун билдирген.

«[Эксперттер] мындай жаракат мокок нерсенин соккусунан же дубалга тийүүдөн [болгонун билдиришкен]», — деп жазылат «Справедливость» уюмунун билдирүүсүндө.

Асиянын жакындары ал өгөй атасынан корккондуктан бала бакчадан үйүнө кайтууну каалаган эместигин жана Үсөновдун жанында калбоо үчүн кечки тамак ичпей эле жатып алганын айтып берген.

«Үсөнов Тураталы мурун [уурулук үчүн түрмөдө] отуруп чыккан бала экен. Соттолуп чыккандыктан ал ар кандай кылмышка барышы мүмкүн. Себеби өгөй кызы болгондуктан ага чейин деле Тахминага айтып жүргөн экен: “Кызыңды бир күнү өлтүрүп саламын, ачуума жаман тийип жатат. Эмне үчүн кызыңды ата-энеңе бербейсиң? Мен сага үйлөнгөнмүн” деп. Бирок үйлөнүп жатканда: “Тахмина, мен сени жакшы көрүп калдым, кызың менен кошо аламын, кызыңа ата боломун” деп айткан», — деген Мансурали кызынын жактоочусу Гүлжамал Былыкова.

Мындан сырткары, адвокат өгөй ата кызды тамеки тарканга да мажбурлап жүргөнүн кошумчалаган.

Ал эми Тахминанын атасы Мансурали Боматов Үсөнов күнөөнү кызынын мойнуна мажбурлап алдырган деп эсептейт.

«Күйөө балам кызыма айтыптыр: “Унааны сатып, сени чыгарып аламын, сен мойнуңа алып тура бер. Аял кишини камабайт, башка кылбайт — сен энесиң” деп алдап коюптур», — деп айтып берген Боматов.

Асиянын өгөй атасынын бир тууган агасы Мырзабек Үсөнов журналисттерге курган маегинде окуя болгон күнү маркум бала бакчага барбай, иниси менен үйдө калганын билдирген.

Мырзабек Үсөнов наристенин өлүмүнө ким күнөөлүү экенин «айтуу кыйын» деп белгилеген. Ошондой эле ал Асияны багып алууга ниети болгонун, бирок иниси Тураталы бербей койгонун айткан.

«Мени жакшы көрчү, эки таттуу кармап алыптыр: “Чоң атама берем” деди. Мен аны көрүп, ыйлап… жакшы, сонун кыз эле да. “Мага бергиле, багып аламын” десем көнбөй койду [...] Мен эми инимди мактай албаймын, жаман деп да айта албаймын. Өзү мурда ичет эле, Жаңы жылдан мурда дааватка алып чыккан элем “ичпе” деп ичирбей койгонмун да. Бирок кыз жакшы эле да, кызга боорум ооруйт, жаш кыз эч нерсени көрбөй кетти», — деп айтып берген Үсөнов.

Прокуратуранын даттануусунан кийин Жалал-Абад облустук соту ишти кайра кароого жиберген. Ал эми Сузак райондук соту 2021-жылдын 12-ноябрында Тураталы Үсөновду «Этиятсыздан киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүүдеп таап, 4,5 жылга кескен.

Анткен менен прокуратура жана «Справедливость» уюмунун адвокаттары өкүм менен макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна кайрылышты. Алар Үсөновго «Адам өлтүрүү» беренеси менен айып тагууну талап кылышууда. Жалал-Абад облустук сотунда аталган иш боюнча отурум 17-февралга дайындалган.