Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду, 39 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 17-февралга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 39 жаңы учуру катталды.

Коронавирус жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары — 19 киши, Чүй облусунда жети, Ысык-Көл облусунда жети, Баткен облусунда үч, Жалал-Абад облусунда эки, Ош облусунда бир эки адам илдетке чалдыкты. Калган облустарда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 214кө жетти. Өлкө боюнча 193 601 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 937 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 216 бейтап айыгып чыкты. Учурда 353 бейтап ооруканада, ал эми 1 754 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.