ТИМ: Орусиянын 3 аймагындагы чектөөнүн кыргыз жарандарына тиешеси жок

Орусиянын үч регионунда чет элдиктерди соода-сатык жана коомдук транспорт тармактарында жумушка тартууга киргизилген чектөөнүн Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок. Бул тууралуу 17-февралда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган чектөөнү Ханты-Мансийск автоном округунун, Тюмень жана Калуга облустарынын бийлиги киргизген.

ТИМден түшүндүрүшкөндөй, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) келишимине ылайык, «мүчө мамлекеттер улуттук эмгек рыногун коргоо максатында, ушул макулдашууда белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, өз мыйзамдары менен чектөөлөрдү коюп жана колдоно албайт». Кыргызстан 2015-жылдан бери ЕАЭБдин мүчөсү болуп эсептелет.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктардан эгер орусиялык жумуш берүүчүлөр аталган үч региондо жумушка алуудан баш тартса kgembassy.ru@mfa.gov.kg почтасына кайрылууну өтүндү.

Эмгек мигранттары үчүн жаңы эрежелер

Орусияда мигранттарга тиешелүү түрдүү сунуштар байма-бай айтылат. Бийлик адатта алардын өлкөгө кирүү жана мамлекеттин аймагында жүрүү эрежелерин татаалдантып, ишмердүүлүгүн чектейт.

Алсак, 2022-жылдын башында орусия бийлиги өлкөнүн миграциялык мыйзамдарынын эрежелерин күчөткөн. Анда мигранттар үчүн өлкөгө киргенден кийин аткарууга тийиш болгон милдеттемелердин тизмеси түзүлгөн. Эгер мигранттар бул талаптарды аткарбаса бери дегенде өлкөдө убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскартылат.

Мисалы, эмгек мигранттары Орусияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде нарколог, психиатр жана инфекционисттин кароосунан өтүүгө милдеттендирилген. Медициналык маалымкаттын жарактуу мөөнөтүү бүткөндөн кийин, тагыраагы, үч айдан кийин, мигрант кайрадан анализ тапшырышы керек болот.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары күчөтүлгөнүнө байланыштуу мигранттардын маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев кыргыз мигранттары үч ай сайын 6 миң рублга медкароодон өтүүгө аргасыз болуп жатышканын белгилеген.

Парламентте Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясындагы өкүлдөрүнүн иши дагы сынга алынган. Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев ЕАЭБге мүчө болуп жатканда эркин товар жүгүртүү, кыргызстандыктардын эркин жүрүүсү, капитал жана кызмат көрсөтүү маселелери талкууланганын белгилеген.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов маселени орус бийлиги менен алдыда боло турган иш сапарында талкуулоону убада кылган.

Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, Орусияда 1 млн кыргызстандык эмгек миграциясында. Ал эми жалпысынан чет өлкөдө 1,1 млн кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА: Орусияда декабрдын аягынан тартып мигранттарга карата эрежелер күчөтүлөт