Адвокат: Сот аялын «сабап жүргөн» УКМКнын кызматкеринин ишин кыскартты

Бишкектин Ленин райондук соту 17-февралда аялын «сабап жүргөн» УКМКнын кызматкерине каршы козголгон кылмыш ишин кыскартты.

Жабырлануучунун адвокаты Бакыт Автандил «Клооптун» журналисттерине аял тогуз ай акыйкаттык үчүн күрөшкөнүн айтты. Юристтин айтымында, шектүү сот отурумдарына катышпай жүргөн. Мындан улам иш созулуп кеткен.

Соттун токтомунда иш мөөнөтү эскирип кеткендиктен кыскартылганы айтылат.

«Жабырлануучу тогуз айдан бери жазалоону талап кылып, аягында декриминализациянын айынан күйөөсү — УКМКнын кызматкери — соттун ишти кыскартуусунун негизинде жоопкерчиликтен кутулуп кетти», — деди Автандил.

Юрист чечимди адилетсиз деп эсептейт, чечимди Бишкек шаардык сотуна кайрылып даттанууну көздөйт. Жактоочу шектүү аялына 6 жыл бою зордук-зомбулук көрсөткөнүн дагы кошумчалады.

«Келин күйөөсү Бакытбектин психологиялык, физикалык жана экономикалык зомбулугуна кабылган. Аялын сабап жүрчү. 2021-жылы 17-майында чыдабай калгандыктан арыз жазган. [Андан кийин] эки баласын таштап, эмчектеги баласын алып качып кутулууга аргасыз болгон», — деди адвокат.

Автандил Укук бузуулар боюнча жаңы кодекске ылайык, шектүү 3 күндөн 7 күнгө чейин эркинен ажыратылмактыгын же коомдук иштерге тартуу жазасын алмактыгын белгиледи.

Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:

«Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;

«Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;

«Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;

«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;

«Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;

«Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;

«Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;

«Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;

«Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;

«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;

«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;

«Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;

Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;

Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;

Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.