COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болду, 41 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 18-февралга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 41 жаңы учуру катталды.

Коронавирус жуктургандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары — 20 киши, Чүй облусунда 14, Ысык-Көл облусунда беш, Жалал-Абад жана Баткен облусунда илдет бирден адамга жукту. Калган облустарда жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 255ке жетти. Өлкө боюнча 193 792 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 939 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 191 бейтап айыкты. Учурда 333 бейтап ооруканада, ал эми 1 622 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.