Кримтөбөл Лимонтини өлтүрүүгө айыпталган Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылды

18-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Лимонти каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмазбек Сулаймановду өлтүрүү ишине байланыштуу сот териштирүүсү аяктады.

Судья Мирлан Термечиков Талгат Шамиевди күнөөлүү деп тапты. Өкүмгө ылайык, Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылып, жабырлануучу тарапка моралдык зыян катары 100 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Шамшиев буга чейин эки жыл тергөө абагында болгон, эми ал дагы алты жыл абак жазасын өтөшү керек.

Шамшиев акыркы сөзүндө кылган ишине өкүнүп, жабыркагандардан кечирим сурады. Ал соттон жазасын жатак-абакта же шарттуу түрдө өтөөнү дагы суранды.

«Мунун баары ойдо жок жерден болуп кетти. Мен бул кылмышты кылгым келген эмес», — деди айыпталуучу.

Сот жабыш эшик артында өттү. Мамлекеттик айыптоочулар Шамиевди 13 жылга эркинен ажыратууну суранса, жабырлануучу тарап өмүр бою кесүүнү талап кылды.

Видео: Акипресс

Сулаймановду өлтүрүү

2020-жылдын 28-мартында Нарында «Лимонти» каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмаз Сулайманов киши колдуу болгон.

Милиция Шамиев атасы Имаш Шамиев үчүн өч алуу максатында Сулаймановду өлтүргөн деп билдирген. Имаш Шамиев 1998-жылы киши колдуу болгон. Бул үчүн Алмазбек Сулайманов соттолуп чыккан эле.

Айыпталуучу тергөөдө күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алып, «Лимонти» ага бычак саюуга аракет кылганда куралды колунан жулуп, кримтөбөлдүн өзүнө кол салганын айткан.

1999-жылы Алмаз Сулаймановго Нарын райондук соту тарабынан эки адамдын өмүрүн алуу, карактоо менен кол салуу жана опузалап акча алуу үчүн атууга кетирүү өкүмү чыгарылган. Өлкөдө өлүм жазасына мораторий киргизилгенден кийин ага карата 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Ал жаза мөөнөтүнүн көбүн өтөгөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдын августунда Балыкчыдагы жатак-абагына которулган.

Тема боюнча: Кримтөбөл Лимонтини өлтүрүүгө шектүү эки айга камакка алынды

«Лимонтинин» өлүмүнө айыпталган Талгат Шамиевдин туугандары митингге чыкты