Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча сурак берип чыкты

18-февралда үйүнөн кармалып Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына жеткирилген журналист жана жарандык активист Семетей Талас уулу сурак берип чыкты. Атайын кызматтан ал экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кармалганын билдиришти.

УКМК тараткан пресс-релизде, 18-февралда «Экстремисттик материалдарды таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгону жана учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Ал арада журналисттер, жарандык активистер жана коомдук ишмерлер УКМКнын имаратынын алдына чогулуп, Талас уулун бошотууну талап кылышты.

Журналист сурак берип чыккан соң «суракка күбө катары» чакырылганын белгилеп, бийлик тараптан эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

«Эч кандай деле корко турган нерсе жок. Мен Фейсбуктан бир пост бөлүшкөм, ошол боюнча күбө катары чакырышыптыр. Ал экстремисттик уюмдарга тиешелүү пост экен. Мен аны билген эмесмин. Анда кайсы бир өлкөнүн басып өткөн жолу тууралуу илимий материал болчу. Тергөөнүн жыйынтыгын колума беришет, ошону менен бул иш бүтөт. Мени мыйзамдуу жол менен эле чакырышты», — деди ал.

Ошондой эле, ал үйүн соттун чечиминин негизинде тинтүүгө алышканын айтат.

Талас уулу аны суракка алуунун артында «саясий өңүт» жок деген пикирде.

«Мурда деле саясий пост жазганда деле үйгө келишчү. Кайсы бийлик элге жакпаган иш кылып атса аны деле жазчумун. Жакшы жагы болсо мактап койчумун», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров «бийлик чындыкты кабыл албай сөз эркиндигине кысым жасап атканын» айтат.

«Бийликтин сөз эркиндигине кысым жасап атканы билинип калды. Биринчи биз туш болдук, андан кийин “Кактус медиа”, Мирлан Ураимов анан бүгүн эркин журналист Семетей Талас уулунун кармалышы. Мен ойлойм бийлик чындыкты кабыл албай, чындык менен күрөшкүсү келет», — деди ал.

Семетей Талас уулунун кармалышы

18-февраль күнү түшкө жакын журналист жана жарандык активист Семетей Талас уулунун Бишкектеги үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кеттишкен. Бул тууралуу анын жубайы Айым Усубаева «Клоопко» билдирген болчу.

«Мен жумушта болчумун, үйдө апамдар бар эле. Укук коргоо органдары келип, өзүн тааныштырбастан үйдүн баарын чачып, жолдошумдун колун кайрып кармап кетиптир. Үйдү тинтип динге байланыштуу китептерди алып чыгышкан экен», — деген ал.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары, журналисттер, жарандык активистер жана коомдук ишмерлер Семетей Талас уулун бошотууну талап кылышкан. Алар Талас уулун бошотууну талап кылып УКМКнын алдында чогулушту.

41 жаштагы Семетей Талас уулу көз карандсыз журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Соңку жылдарда Талас уулу соцтармактардан жарандык позициясын активдүү билдирип келген.