Видео: Бишкекете маршрутканын айдоочусу 11 жаштагы окуучу кызды коюп кетти

17-февралда кечки саат 17:00дө №138 маршруттук унаанын айдоочусу Дэн Сяопин жана Куракум көчөлөрүнүн кесилишинде 11 жаштагы окуучу кызды коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден жолдун каршы тарабына өтүп бара жатканда, Дэн Сяопин көчөсү менен чыгышты көздөй кетип бара жаткан маршрутканын айдоочусу сүзүп кеткен.

Жерине жол коопсуздугунун инспекторлору барып, айдоочу 29 жаштагы Р.М. атуу киши экенин аныкташкан. Ал эми жабырлануучу тез жардам унаасы менен Бишкектеги №3 шаардык ооруканасына жеткирилди.

Оорукананын башкы дарыгери Акыл Семетеев «Клоопко» кыздын абалы туркутуу экенин белгиледи.

«Кызды көрүп чыктык, азыр нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Абалы турукташып калды. Атайын белгиленген тартипте дарыланып баштайбыз», — деп билдирди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, унаа айып короосуна токтотулду, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. Жалпы 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Тема боюнча:

Чүй: Мас айдоочу мектептин жанында эки кызды коюп, өзү мамыга барып урунду