Чүй: Мас айдоочу мектептин жанында эки кызды коюп, өзү мамыга барып урунду

17-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн айылындагы мектептин жанында жол кырсыгы катталды. Айдоочу мас абалда болгон, милиция жабыркагандар тууралуу маалымат берген жок.

Чүй ОИИБден билдиришкендей, кырсык болгон күнү саат 18:00 чамасында 37 жаштагы айдоочу мас абалда «Хонда-Фит» унаасы менен электр мамысын сүзгөн. Чүй облустук милициясы жабыркагандар тууралуу маалымат жок экенин белгилеп, ооруканага эч ким кайрылбаганын айтышты.

Ал эми соцтармактарда кырсыктын видеосу жарыяланды. Анда мас айдоочу катуу ылдамдык менен жолдон өтүп бара жаткан эки окуучу кызды сүзүп, андан ары электр түркүгүнө урунганын көрүүгө болот.

Облустук милициядан айдоочуга тийиштүү протоколдор толтурулуп, унаа айып короосуна токтотулганын кошумчалашты. Бардык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Эки окуучуну сүздү деп жатышат, бүгүнкү күндө ушул жол кырсыгы тууралуу жабыркагандар ооруканага кайрыла элек. Окуучу кызды атасы алып кетти деген маалымат бар», — деп билдиришти милициядан.

Буга чейин, 17-декабрь күнү Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунда жол кырсыгы каталган. Анда «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзгөн. Анын кесепетинен эки өспүрүм оор жаракат алып, тез жардам унаасында кайтыш болушкан.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. Жалпы 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Теба боюнча:

Тез жардам бригадасы жол кырсыгына кабылды. Врач оор жаракат алды

Бишкекте үч унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар