COVID-19: Акыркы суткада үч бейтап каза болду

Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19’дан үч бейтап каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, пандемия башталгандан бери коронавирус илдетинен өлкө боюнча 2 942 адам каза болгон.

Ошондой эле, сутка ичинде 32 адамдан COVID-19 аныкталды. Оору жуктургандардын көбү борбор калаада жашагандар.

  • Бишкек — 23;
  • Чүй облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Ош облусу — 1.

Ведомствонун маалыматында, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 287 жетти.

Мындан тышкары, 19-февралга карата 273 бейтап ооруканада, дагы 1 543 киши үй шартында дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлиги сутка ичинде 165 бейтап үйлөрүнө чыгарылганын кабарлады. Өлкө боюнча пандемия учурунда жалпы 193 987 киши айыкты.