УКМК: Бишкектин вице-мэри Азат Узаков бюджеттик акчаны уурдоого шектелип кармалды

19-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин вице-мэри Азат Узаков кармалганын билдирди. Ал мектептин курулушуна деген бюджеттик каражатты уурдоого шектелүүдө.

Азат Узаков.

Аны менен кошо атайын кызмат Мамкурулуштун бөлүм башчысын жана жеке менчик курулуш компаниясынын башкы директорун кармады.

УКМК Узаков өкмөттүк аппараттын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезинде жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема түзгөн деп билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектепти курууда Узаков бир нече жолу Г.П.С. ЖЧКсынын кызыкчылыгын колдогон. Жыйынтыгында тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш ченемдери бузулуп, объектини жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 10,8 миллион сомду түзгөн.

Мектептин курулушу иш жүзүндө бүтпөгөнү белгиленди: жертөлө кабаты, ашканасы, спорт залдын курулушу, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылган эмес, өрткө каршы коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн эмес.

Вице-мэр менен кошо Мамкурулуштун Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин бөлүм башчысы А.Э.Ж жана «Г.П.С» ЖЧКсынын башкы директору кармалды.

Атайын кызмат мындай текшерүү иш-чаралары бюджеттин, гранттардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Азат Узак вице-мэрлик кызматка 3-сентябрда дайындалган. Ага чейин президенттик администрацияда иштеген. Ал Бишкек шаардык кеңештин кызматкеринен «субординацияны сактоону» жана «кызматты сыйлоону» талап кылганы менен белгилүү.