Кыргызстандык балбандар Болгарияда өтүп жаткан мелдеште үч медаль багындырды

Болгариянын Велико-Тырново шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Dan Kolov — Nikola Petrov аталышындагы эл аралык мелдеште кыргызстандык балдбандар бир алтын, эки коло медалды багындырды. Бул тууралуу Кыргыз-күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, балбан Балбай Дордоков 55 килограммга чейинки салмакта биринчи орунду ээледи. Ал финалдык беттеште румыниялык спортчу Флорин Михайды утту.

Ошондой эле балбандар Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) жана Тынар Шаршенбеков (63 килограмм) турнирде үчүнчү орундарга ээлешти.

Ал эми 77 килограмм салмакка чейин күрөшкөн Акжол Махмудов 20-февралда коло байге үчүн беттешке чыгат. Ал жарым финалда болгариялык спортчу Айк Мнацаканяндан утулуп калган.

Болгариянын Велико-Тырново шаарында Dan Kolov - Nikola Petrov аталышындагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир 17-февралда башталып, 20-февралда аяктайт. Ага кыргыз спортчуларынан Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, Нурмухаммет Абдулаев, Марлен Асикеев, Элдияр Сатаров, Акжол Махмудов, Акылбек Талантбеков, Балбай Дордоков жана Тынар Шаршенбеков катышууда.