Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду, 15 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 21-февралга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 15 жаңы учуру катталды.

Бишкек шаарында 10 киши, Чүй облусунда беш адам оору жуктуруп алды. Калган облустарда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 337ге жетти. Өлкө боюнча 194 218 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 939 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 119 бейтап айыгып чыкты. Учурда 236 бейтап ооруканада, ал эми 1 366 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.