Коргоо министрлиги 10 млн сомго учак билет сатып алууну көздөп жатат

Кыргызстандын Коргоо министрлиги авиабилет сатып алууга тендер жарыялады. Тендер боюнча билдирүү Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Ага ылайык, министрлик 10 млн сомго учак билеттерин сатып алууна пландап жатат. Билеттер кызматтык иш сапарлар үчүн алынат деп белгиленди.

Коргоо министрлиги билет сатып алуу боюнча сынакты 18-февралда жарыялаган, катышуу тууралуу арыз берүүнүн акыркы күнү — 28-февраль. Тендер түз сатып алуу аркылуу өткөрүлөт.