«Кыргыз Туусу» гезити британ элчиси тууралуу жалган маалымат жазылган макаласын өчүрдү

«Кыргыз Туусу» мамлекеттик гезити Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт тууралуу фейк маалымат камтылган макаласын өчүрдү. Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Мырзакат Тыналиев 24.kg басылмасына билдирди.

Анын айтымында, Гарретт макаланын элчи британиянын MI6*атайын кызматынын тыңчысы деп айтылган бөлүгүнө доомат койгон.

MI6 — Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жашыруун чалгын кызматы.

Тыналиев макала текшерилгенден кийин, андагы маалымат буга чейин да башка басылмаларда жарыяланып, автор жалган ат жана фамилия менен менен чыгарганы белгилүү болгонун айтты.

«Акыркы учурда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ролу талкууланып жатат. Журналист бул тууралуу материл жазган. Мен анын макаласын туура деп эсептейм, бирок элчи тууралуу маалыматты эмес. Бул туура эмес болгон. Кайра басып чыгарбашыбыз керек болчу. Дипломат макаланы мамлекеттин позициясы катары кабылдап калды», — деди Тыналиев.

Ал басылманын редакциялык саясатын редакция өзү аныктай турганын жана буга бийликтин эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.

«Материалдарды бизге Ак үйдүн басма сөз кызматы берет деп ойлобоңуздар», — деди гезиттин башкы редактору.

Дипломат эмне деди?

Улуу Британиянын элчиси 24.kg’ге маек куруп, жалган маалыматты өчүрүп салуу өтүнүчүнөн кийин «Кыргыз Туусу» гезинтинин журналистти Мелис Совет уулу андан интервью алганын билдирди.

«Ал мага Кыргызстандагы элчилик, жеке мен эмне иш кыларым боюнча суроо берди. Менин таасирлерим жөнүндө сурады. Маек кыска болду. Алар макаланы эртең жарыялоону убадалашты», — деди Гаррет.

Элчи ошондой эле журналист менен болгон жолугушууда эмне үчүн мамлекеттик ЖМК жалган маалымат жарыялаганын түшүндүрбөгөнүн билдирди.

Жалган маалымат камтылган материал

15-февралда «Кыргыз Туусунда» Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси тууралуу фейк макала чыккан. Макаланын өзү «Батыш саясатынын башкы максаты башка» деген аталышта, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар тууралуу болгон.

Макалада Бейөкмөт уюмдар сынга алынып, Кыргызстандагы «оппозициялык нааразычылыктардын башкы координатору» катары Чарльз Гареттин аты аталат.

Мындан тышкары макалада дипломат 2020-жылдагы октябрь окуяларынын алдында «батышчыл саясий түзүмдөрдүн жана фонддордун» жетекчилерине кеңеш бергенин, ал эми элчилик аларга «азыркы бийликтин айрым өкүлдөрүн дискредитациялоо үчүн» акча бөлүп берген деп жазган.

Элчи өзү бул маалыматтарды четке кагып, «Кыргыз Туусу» гезитинин журналистине интервью берүүгө даяр экенин билидирип, буга чейин жарык көргөн макалага төгүндөө берүүнү суранган.