«Нурбек Тотоновго үгүттөп, 2000 сомдон тараткан». БШКга квартал башчынын үстүнөн арыз түштү

Нурбек Тотонов

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна Бишкектин Биринчи май районунун кварталдык комитетинин төрайымы А. Жантаеванын үстүнөн 19-февралда арыз түштү.

Анда «Керим» аттуу киши Жантаева №27 Биринчи май шайлоо округунан талапкерлигин койгон Нурбек Тотоновго үгүттөп, ар бир добушка «2 миң сомдон сунуштап» жатканын айтып арыз жазган.

Мындан сырткары, «Керим» квардалдык комитеттин төрайымы буга чейинки шайлоодо да тургундардын арасында үгүт жүргузүп, «ар бир добушка миң сомдон таратканын» кошумчалаган. Боршайком арыздагы маалыматтарды текшерип, укуктук баа бериш үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүп берди.

*Жаңы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинде «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси боюнча 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул каралган. Ал эми аталган берене менен күнөөлүү деп табылган талапкер, анын жакындары же расмий өкүлдөрү беш жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Тотонов Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. Ал эми 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого Тотонов №19 Токтогул округунан катышып, бирок парламентке өткөн эмес.

Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Тотонов «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын тизмесинде болгон.