«Жумасына үч жолу учат». Ош — БАЭ аба каттамы иштеп баштады

Сүрөт: "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы

Алгачкы жолу Оштон Бириккен Араб Эмирлигине түз аба каттамы ачылды. 21-февралда Ош эл аралык аэропортуна эмирликтин Шарджа шаарынан алгачкы учак келип конду.

Каттамды аэропорттон салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алышты. Тосуп алуу иш-чарасына аэропорттун жетекчилиги, жеригиликтүү аткаминерлер жана Air Arabia авиакомпаниясынын аймактык менеджери Алла Берест катышты.

Анда Берест Ош шаарына авиакаттам ачуу көптөн бери пландалганын, бирок пандемияга байланыштуу убактылуу ишке ашырылбай келгенин белгиледи.

Биринчи каттам менен Шарджага 164 жүргүнчү учуп кетип, 10 киши Ошко учуп келди.

Air Arabia авиакомпаниясынын каттамдары 21-февралдан 3-мартка чейин аптасына эки жолу — дүйшөмбү жана ишемби күндөрү учат. .

Ал эми 3-марттан тарта каттамдар дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Болжолдуу учуу убактысы 3,5-4 саатты түзөт.

Өткөн жылдын октябрында 2012-жылдан бери токтоп турган Ош — Стамбул авиакаттамы жанданган. Бул каттам жумасына үзгүлтүксүз үч жолудан аткарылары айтылган.

Автору: Хоназим Имоддинова

Ош — Стамбул авиакаттамы сегиз жылдан кийин жанданды