Акыркы суткада коронавирустун 31 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 22-февралга карата коронавирустан бир адам каза болду, жуктуруунун 31 жаңы учуру катталды.

Чүй облусунда 16, Бишкек шаарында тогуз, Ысык-Көл облусунда төрт, Жалал-Абад облусунда эки адам оору жуктуруп алды. Калган облустарда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 368ге жетти. Өлкө боюнча 194 377 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 947 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 159 бейтап айыгып чыкты. Учурда 220 бейтап ооруканада, ал эми 1 251 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.