Талант Мамытов Орусияга жасаган расмий сапарында «кара тизме» маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация 21-февралда Орусиянын Федералдык жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Мамытов Орусиядагы кыргыз жарандарынын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолду. Ошондой эле ал Матвиенкодон Кыргызстандын жарандарынын айрым категорияларын «кара тизмеден» чыгарууга көмөктөшүүнү өтүндү.

«Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштады», — деп билдиришти Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан.

Ошондой эле Мамытов «Спутник» басылмасына курган маегинде Матвиенкодон үй-бүлөсү Орусияда болуп, бирок «кара тизмеге» кирип калган кыргызстандыктарга «миграциялык амнистия» кылууну өтүнгөнүн билдирди.

«Амнистия тууралуу: көбүнчөсү Орусиядан чыгарылган жарандардын Орусияда үй-бүлөлөрү бар. Мындан улам алардын үй-бүлө мүчөлөрү эки жакта болуп жатат. Эгерде кара тизмеге кирген жарандардын үй-бүлөлөрү Орусияда экени документтер менен тастыкталса: биз аларга жеңилдик берүүнү сурандык», — деди Мамытов.

«Кара тизмеге» кирген мигранттарга мыйзам бузууларга байланыштуу Орусиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган. Расмий маалыматка ылайык, 65 миңдей кыргыз жаранына Орусиянын аймагына кирүүсүнө чектөө коюлган.

Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, Орусияда 1 млн кыргызстандык эмгек миграциясында. Ал эми жалпысынан чет өлкөдө 1,1 млн кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

Жарандын «кара тизмеде» бар же жок экенин бул шилтеме аркылуу текшерип алса болот.