COVID-19: Коронавирустан бир адам кайтыш болду, жуктуруунун 20 жаңы учуру катталды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 23-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан бир адам каза болду. Ал эми жуктуруунун 20 жаңы учуру катталды.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 9;
  • Чүй облусунда — 7;
  • Ысык-Көл облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 2.

Ошондой эле республика боюнча 150 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 200 338ге жетти. Ал эми оорудан 194 527 киши айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 948 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 207 бейтап, үй шартында 1133 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.