Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду, 14 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 24-февралга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 14 жаңы учуру катталды.

Бишкек шаарында тогуз, Ош шаарында төрт жана Талас облусунда бир адам оору жуктуруп алды. Калган облустарда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 402ге жетти. Өлкө боюнча 194 664 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 950 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 207 бейтап айыгып чыкты. Учурда 220 бейтап ооруканада, ал эми 1 008 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.