Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы чиновниктери уурдалган 420 миң сомду мамлекетке кайтарып берди

Ат-Башы райондук прокуратурасы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызматкерлери жергиликтүү бюджеттен 420 миң сом кымырып алганын аныктады. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл өкмөттүн мурдагы адамдары «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузган. Текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыян толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында УКМК Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эки жооптуу кызматкери — «Ч.К.Ч.», «Ж.Т.Д.» жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын ээси «Т.Т.С.» кармалганын кабарлаган болчу.

Анда атайын кызмат мамлекеттик кызматкерлер «үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп», бала бакчанын курулушу аяктай электе «Авангард-Строй» компаниясынын эсебине 20 млн сомдон ашуун каражат которуп салганын билдирген. Мамлекетке 13 миллиондон ашык зыян келтирилгени айтылган болчу.

Ат-Башы айылында 2015-жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан бала бакча тууралуу буга чейин «Клооптун» журналисттери макала жарыялаган.

Анда Ат-Башы айыл өкмөтү курулуш иштерине жарыялаган 23 млн сомдук тендерди дал ушул «Авангард-Строй» ЖЧКсы утуп алганы белгилүү болгон.

Жаңы курулуп жаткан бала бакча 120 орунга ылайыкташат деп пландалган. Курулуш иштери бир нече жылга созулуп, 2020-жылы анын чатырын шамал учуруп кеткен.

«Авангар-Строй» компаниясы буга чейин да Нарындын аймагындагы тендерлеге катышып жүргөн жана ишкананын жетекчилиги финансылык бузууларга шектелген.

Юстиция министрлигинин реестринде «Авангард-Строй» компаниясынын ээси катары Теңизбек Темиралиев көрсөтүлгөн. Ал эми «Ч.К.Ч.» инициалдарына Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Кубан Чоробеков, «Ж.Т.Дга» мекеменин бухгалтери Тилек Жусубалиев туура келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарын: Курулушу бүтпөй жатып чатырын шамал учурган Ат-Башыдагы бала бакча