Кемин: Милиция көрүстөндө темир тосмолорун уурдоого шектеп 39 жаштагы кишини кармады

Шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы

Чүй облусунун Кемин районундагы көрүстөндөн темир тосмолорду уурдоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан 24-февралда билдиришти.

Алгач айрым ЖМКлар райондогу мүрзөлөрдүн темир тосмолорун белгисиз бирөөлөр сындырып жатышканы кабарланган. Ал эми Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 10-февралда окуя болгон жерге барышып, териштирүүнү баштаган.

Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында кылмышка шектелип 39 жаштагы «И.А.» аттуу жаран кармалды. Ал күнөөсүн моюнуна алып, уурдаган темир тосмолорду темир-тезек сатып алуучу жайга өткөрүп жүргөнүн билдирген.

Милициядан шектүү тергөөгө жеткирилип, териштирүү иштери улантып жатканын кошумчалашты.