«Өлөрүңө аз калды». Журналист Юрий Копытин коркутууга кабылды

Кыргызстандык журналист Юрий Копытинди соцтүйүндөрдө белгисиз кишилер өлтүрүп кетебиз деп коркутуп жатышат. Бул тууралуу журналист Фейсбук барагына жазды.

24.kg сайтына журналисттин Телеграмм аркылуу жасалма сом жана доллар саткандар тууралуу макаласы чыккан. Макала жарык көргөндөн кийин ага @FalshSom каймана аты менен белгисиз киши жаза баштаган.

«Ал мага жеке кат жазып, изделип жатканымды, айланамды карап жүрүшүм керектигин, өлөрүмө аз калганын айтты», — деп журналист белгисиз адамдын катынан цитата келтирди.

Копытин бул боюнча укук коргоо органдарына расмий кайрылды. Ал ИИМден текшерүү жүргүзүп, анонимдүү түрдө жазып жаткан адамдын тек-жайын тактап, кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранды.

Копытиндин макаласы 24.kg сайтынын окурманы кайрылгандан кийин 23-февралда жарыяланган.

«Жазгандарына караганда, шылуундар жасалма акчаларынын сапатын мактагандан тартынышпайт окшойт. Алар кардарларынын бири жасалма акча аркылуу төлөм терминалын алдап кеткенин мисал келтиришет», — деп айтылган Копытиндин материалында.