Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 390 млн сомдук каржылык бузуу аныкталды

Эсеп палатасынын аудитору Замирбек Жоошбаев 24-февралда парламенттин жыйынында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 390 млн сомдук каржылык бузуу аныкталганын билдирди.

Жоошбековдун айтымында, мыйзам бузуу 2020-жылы коронавирустун пандемиясы маалында болгон.

«Жалпы мыйзам бузуулар 390 млн болуп атат. Анын ичинен финансылык мыйзам бузуулар 37 млн сом. Анын ичинде жетишпестиктер бар, эмгек акыны негизсиз төлөөлөр бар, андан сырткары 226 млн сом өлчөмүндөгү бюджеттик резервдери жана жоготуулары аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 127 млн сомду түздү», — деди Жоошбеков.

Депутат Айбек Осмонов аудитордон эки жылдан кийин бул сумманын канчасы калыбына келтирилгенин сурады. Жоошбеков «зыянды калыбына келтирүү иши начар болууда» деп жооп берди.

«Жалпы 37 млн сом каржылык бузуунун 24,3 млн сому калыбына келтирилиши керек эле. Аудиттин жүрүшүндө 13 млн сом калыбына келтирилген. Ал эми материалдык баалулуктардын жетишпестиги боюнча 2,5 млн сом аныкталган, анын ичинен болгону 222 миң сом калыбына келтирилген», — деди аудитор.

Осмонов аткаминерлер мыйзам бузуулар аныкталган учурларда прокуратурага кайрылышабы же жокпу деп дагы кызыкты. Аудитор алар укук коргоо органдарына Эсеп палатасынын эскертмелери өз убагында аткарылбаган учурда кайрылышат деп жооп берди.

Тема боюнча окуңуз: COVID-19га каршы чогулган гумжардам кампаларда чаң басып, ооруканаларга берилбей турат