ТИМ: Украинадан чыгып кетүүнү каалаган 300 кыргызстандык элчиликке кайрылды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Украинадагы кырдаалга байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган 300 кыргызстандык элчиликке кайрылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Украина аба чек мейкиндигин убактылуу жапканына байланыштуу кыргызстандыктарды үчүнчү өлкө аркылуу эвакуациялоо маселеси иштелип чыгууда.

«Азыркы учурдагы негизги милдет — жарандарынын коопсуздугун камсыздоо. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жарандар менен үзгүлитүксүз байланышта жана кеңеш берип жатат», — деп билдирди ТИМ.

Министрлик Киев шаарындагы элчиликтин имаратына жакын Печерский районунда Редутный переулок 19/34 дарегинде атайын жай уюштурулганын билдирди. Барууга коопсуз жай таппай жаткандар ушул дарекке келсе болот.

Министрлик кыргыз жарандары укуктук жардам алуу үчүн ТИМдин Консулдук кызмат департаментине жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигине кайрылса болорун кошумчалады.

  • Кыргызстандын Украинадагы Элчилигинин номери: +380997573413, +380442370346, +380442370348 жана элчиликтин WhatsApp тайпасы;
  • ТИМдин Консулдук кызмат департаменти: +996 551 312 000 (түз байланыш номери) жана +996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

ТИМдин маалыматына ылайык, Украинада Кыргызстандын 1 357 жараны бар — алардын 680и элчиликте каттоодо турат.

Украинада эмне болуп жатат?

Киевдеги көп кабаттуу үйдүн ракета жарылгандан кийинки абалы. Сүрөт: Виталий Кличконун твиттери

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск, ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын армиясынын аскердик инфраструктураларын иштен чыгарып жатышканын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизген. Орусиянын аракеттерин алдыңкы дүйнөлүк державалар кескин сынга алышкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунан 137 украиналык каза болуп, дагы 316 киши жарадар болгонун билдирген.

Орусия тарап канча киши каза болгону тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек, бирок Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Орусия Украинада «800дөй аскер кызматкеринен» ажырады деп билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Орусиянын Украинага кол салуусу: 24-февралдын түнүнө карата расмий маалымат

ТИМ: Элчилик Украинадагы кыргызстандыктар менен тыгыз иш алып барууда