«Тынчтык керек». Бишкектеги орус элчилигинин алдында согушка каршы митинг өттү

25-февралда Бишкек шаарындагы Орусиянын элчилигинин алдында Украинаны колдоо жана согушка каршы митинг өттү. Ага Бишкек шаарынын тургундары жана Орусиянын айрым жарандары катышты.

Митингге келгендер «Согушка жол жок», «Тынчтык керек», «Украинадагы согушту токтоткула» деген транспаранттарды көтөрүп чыгышты.

«Биз бул жакка позициябызды билдирип жана бардык мамлекеттин башчыларына кайрылуу үчүн чыктык. Алар Орусияны бир үстөлгө отуруп, конструктивдүү диалогго келүүгө чакырса дейбиз. Биз согушка каршыбыз», – дейт митингдин катышуучусу Гүлшайыр Абдирасулова.

Митингге катышуу үчүн келген Орусиянын жарандары согуш бир гана диктатордун айынын келип чыкканын белгилеп, Украинадагы согушка каршы экенин билдирди.

«Бул бир гана диктатордун, өзүнүн ашынган идеяларын ишке ашырууну каалаган келесоо диктатордун кесепети [...] Уялып атам [...] Согуш бир гана диктатордун кесепети», — дейт тынчтык митингинин катышуучусу Станислав.

Ушундай эле митинг кечээ, 24-февралда Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында болгон. Ага катышкан митингчилер дагы Украинадагы согушка каршы экенин айтып чыгышкан.

Украинаны колдоо жана согушка каршы митинг дүйнөнүн башка шаарларында да болуп жатат. 24-февралда Украинадагы согушка каршы Орусиянын көптөгөн шаарларында митинг өткөн. Бирок митингге чыккандардын айрымдары камакка алынган. «ОВД-Инфонун» маалыматына ылайык, полиция митинг учурунда 58 шаарда 1 789 тынчтык митингинин катышуучусун кармаган.

Украинада эмне болуп жатат?

Орусиянын президенти 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск, ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын армиясынын аскердик инфраструктураларын иштен чыгарып жатышканын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизген. Орусиянын аракеттерин алдыңкы дүйнөлүк державалар кескин сынга алышкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунан 137 украиналык каза болуп, дагы 316 киши жарадар болгонун билдирген.

Орусия тарап канча киши каза болгону тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек, бирок Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Орусия Украинада «800дөй аскер кызматкеринен» ажырады деп билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Орусиянын Украинага кол салуусу: 24-февралдын түнүнө карата расмий маалымат

ТИМ: Элчилик Украинадагы кыргызстандыктар менен тыгыз иш алып барууда