Ысык-Көл облусу: Корумду — Балбай жолун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл айланма жолу боюнча Кыргызстан менен Кувейт фондунун ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы кабарлады.

Макулдашуу боюнча, Корумду айылынан Балбай айылына чейинки Балыкчы — Каракол — Балыкчы автожолунун тилкесин реконструкциялоо пландалып жатат. Документке 2021-жылдын июль айында эле кол коюлган. Анда Экономика министрлигинен долбоордун жалпы суммасы 28,9 млн сомду түзөрүн билдиришкен.

Февралда Жогорку Кеңеш документти жактырган.

Жапаровдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоор Ысык-Көлдүн курорттук аймагынын республиканын облустары, ошондой эле Казакстан жана Кытай Эл Республикасы менен жол байланышын жакшыртат. Андан тышкары, Ысык-Көл шакегин Казакстандын жана Орусиянын жолдору менен байланыштыруу пландалып жатат.

Басма сөз кызмат курулуш мезгилинде облустун Ысык-Көл жана Түп райондорунун жергиликтүү калкы үчүн жумушчу орундар түзүлөрүн билдирди.